СHOCOLATINE КAZAKHSTAN – 2025: БИЗДЕ АЛТЫН МЕДАЛЬ ЖАНА ДҮЙНӨЛҮК ЧЕМПИОНАТКА ЖОЛДОМО
Опубликовано Dec 10, 2025 от Администратор
Биздин кесиптик лицейдин өндүрүштүк окутуу устаты Жамиля Жуматаева жана анын окуучусу Ажара Кенешова Казакстанда өткөн “Chocolatine Kazakhstan – 2025” эл аралык чемпионатында алтын медалга ээ болушту.
Жеңиш менен бирге, биздин кондитерлер 2026-жылы Францияда өтө турган World Chocolatine and Pain au Chocolat Championship дүйнөлүк чемпионатына катышуу укугун да камсыздашты.
Чемпионатка Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан 22 катышуучу катышты. Катышуучулар эки модуль боюнча татаал кондитердик технологияларды аткарышып, алардын иштерин эл аралык деңгээлдеги эксперттер баалашты.
Чемпионат Борбор Азиянын таланттуу жаш кондитерлерин бириктирген, жогорку кесипкөйлүктү, чыгармачылыкты жана татаал технологияларды талап кылган сынак болуп саналат.
КУТТУКТАЙБЫЗ! СЫЙМЫКТАНАБЫЗ! АЛГА!





