Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган масштабдуу патриоттук иш-чара өттү

Опубликовано May 3, 2025 от Администратор

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган масштабдуу патриоттук иш-чара өттү

С.Чокморов атындагы №10 Кесиптик лицейинде Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган масштабдуу патриоттук иш-чара өттү. Бул маанилүү дата — элдин каармандыгын, биримдигин жана туруктуулугун даңазалаган тарыхый окуя.

Иш-чаранын алкагында окуу топторунун арасында үч этаптан турган аскердик-патриоттук сынак уюштурулду. Сынакта катышуучулар өздөрүнүн физикалык даярдыгын, аскердик тартипти сактоо жөндөмүн жана командалык иштешүүнү көрсөтүштү.

Сынактын жыйынтыгын төмөнкү курамдагы компетенттүү калыстар тобу баалап чыгышты:

  • Торогелдиев Талантбек Дүйшөбаевич — подполковник, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Республикалык окуу борборунун бөлүм башчысы;

  • Мырзаев Асылбек — ок атуу даярдыгы боюнча окутуучу;

  • Чокеев Ильич Коенбаевич — милициянын полковниги.

Салтанаттуу сапта өзгөчө кызыгууну Республикалык окуу борборунун окуучулары тарабынан көрсөтүлгөн Калашников автоматынын (АК-47) чогултуу жана чечүү боюнча мастер-классы жаратты. Бул демилге жаштардын курал менен иштөөдө тактыкты жана ыкчамдыкты өздөштүрүү жөндөмүн айкын көрсөттү.

Иш-чара жыйынтыгында Кесиптик лицейдин окуучулары жогорку деңгээлдеги уюшкандыкты, тартипти, командалык ынтымакты жана аскердик салттарга болгон урмат-сыйды көрсөтө алышты.