Кыргыз өңү Сүймөнкул Чокморовдун өңүн

Опубликовано Nov 13, 2020 от Администратор

Кыргыз өңү Сүймөнкул Чокморовдун өңүн

С. Чокморов атындагы №10 Кесиптик лицейде “Кыргыз өңү С. Чокморовдун өңүндөй” аттуу эскерүү кечи болуп өттүү.

6 - ноябрь күнү Бишкек шаарындагы Сүймөнкул Чокморов атындагы 10 кесиптик лицейде СССРдин Эл артисти, Кыргыз ССРнин Эл артисти, сүрөтчүсү, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Сүймөнкул Чокморовдун эскерүү кечеси болуп өттү. Кечеге Сүймөнкул Чокморовдун жакын туугандары агасы Сүйөркул Чокморов жана бир катар министирликтердин өкүлдөрү, көркөм өнөр бирикмесинин өкүлдөрү, катышышты. Окуу жайда С. Чокморовдун туулган күнүнө карата окуучулар арасында өткөрүлгөн кол өнөрчүлүк, видеоролик, автордук чыгарма боюнча конкурстун жыйынтыктары чыгарылып, жеңүүчүлөргө грамоталар жана белектер берилди. Жааамат арасында волейбол боюнча спорт оюну уюштурулду.

Мамлекеттик тилге кошкон салымдары үчүн окуу жайдын директору С. С. Джаманкулова Мамлекеттик тил комиссиясынын "Төш белгиси", директордун орун басары Э. М Усупова "Ардак грамота" менен сыйланды. Келген коноктор сүрөтчүнүн музейи менен таанышып, келген коноктор Сүймөнкул Чокморов жөнүндө эскерүүлөрү менен бөлүшүп, залкардын эстелигине гүл чамбар коюу жана куран окуу менен аяктады.

 

Tags: 2020