Жаңы окуу жылына арналган салтанаттуу линейка.

Опубликовано Sep 16, 2025 от Администратор

Жаңы окуу жылына арналган салтанаттуу линейка.

Жаңы окуу жылынын башталышы менен биздин лицейде салтанаттуу линейка болуп өттү. Иш-чарага жалпы жамаат, мугалимдер, окуучулар жана ардактуу коноктор катышышты. Салтанаттын жүрүшүндө лицей жетекчилиги жана меймандар жаңы окуу жылы менен куттуктап, билим уясына ийгиликтерди жана жаңы бийиктиктерди каалашты.

Иш-чаранын өзгөчө меймандары катары биздин социалдык өнөктөштөр — Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, “Маданияттын мыкты кызматкери”, Казакстандын Евразия дизайнерлер академиясынын мүчөсү Момунбаев Сүйүнаалы жана “Street Baker” кондитердик брендинин,  “Сабина” макарон соода маркасынын белгилүү ашпозчусу Рысбек уулу Илимбек, ошондой эле ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр катышып, окуучуларга шыктандыруучу каалоо-тилектерин айтышты.

Ардактуу меймандардын катышуусу окуучуларыбыз үчүн чоң дем жана шыктандыруучу үлгү болду. Алдыдагы окуу жылы ар бирибиз үчүн ийгиликтерге толуп, жаңы максаттарга жол ачсын!

Tags: 2025