Нооруз-2018 майрамын өткөрдү.

Опубликовано Mar 21, 2018 от Администратор

Нооруз-2018 майрамын өткөрдү.

Миңдеген жылдар өтсө да бул майрамдын формасы менен маңызы болгону болгондой сакталып, чыныгы элдик майрам бойдон калууда.
Ал эми биздин кесиптик лицей Ноорузду өз алдынча иш-чара менен өткөрүп алды. Окуучулар тарабынан ыр, бий даярдалып жана нукура кыргыз “Аркан тартыш” оюну ойнотулду. Катышкан окуучулар жана күбө болгон лицейдин жааматы абдан кызыгы менен кабыл алышты.
Нооруз майрамын ритуалсыз элестетүү мүмкүн эмес. Арча түтөтүп, айлананы жамандыктан тазалоо азыркы кыргыздардын турмушундагы табигый нерсе. Биздин устат Джаманкулова Н.Б. аластоо ритуалын өткөрдү. Майрамдын соңунда № 10 Кесиптик лицейдин директору Джаманкулова Саадат Сыйдалиевна куттуктоо сөзун айтып жана спартакиадага активдүү катышкан окуучуларды диплом менен сыйлады.











































































































































 

Tags: 2018