№10 Кесиптик лицейге СССРдин эл артисти, Кыргыз СССРинин эл сүрөтчүсү - Сүймөнкул Чокморовдун атын ыйгаруу жана 80 жылдыгына арналган музей

Опубликовано Nov 11, 2019 от Администратор

№10 Кесиптик лицейге СССРдин эл артисти, Кыргыз СССРинин эл сүрөтчүсү - Сүймөнкул Чокморовдун атын ыйгаруу жана 80 жылдыгына арналган музей

Иш-чаранын жүрүшүндө №10 Кесиптик лицейге Сүймөнкул Чокморовдун атын ыйгаруу менен маалымат тактасы , СССРдин эл артисти, Кыргыз СССРинин эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовдун элесине арналган музейи ачылып, салтанатту линейка болуп, окуучулар тарабынан дайындалган Сүймөнкул Чокморовдун чыгармачылыгынан үзүндүлөр көрсөтүлдү.

Иш – чаранын коноктору:

Сүймөнкул Чокморовдун бир туугандары: Жогорку Кеңештин депутуты Строкова Е.Г., АНПО директору Чолпонкулов Т.А., Чокморов Эсенгул, Чокморов Сүйөркул

“Кыял “ улуттук элдик кол өнөрчүлөр бирикмесинин директору Тербишалиев Д.О.,

КР баалуу таштар жана баалуу металдарды реализациялоо боюнча зергерлер жана ишкерлер бирикмесинин президенти Акматов С.Т., Кыргызстандын кол өнөрчүлөр Кеңешинин президенти Карыбекова Ж., КР Улуттук көркөм академиясынын академиги Т.Садыков., С.А.Чуйков атындагы Кыргыз Мамлекеттик көркөм окуу жайынын директору Жунусов Б.А., АНПО РНМЦ директору Жаныбекова А.Т.

Кыргызобщепиттин төрагасы Мишин Д.А.

Шаарыбыздын мамлекеттик жана малекеттик эмес маалымат каражаттарынын өкүлдөрү күбө болуп өзүлөрүнүн жылуу каалоо тилектерин айтышты.

Окуу жайдын тарыхы жөнүндө айта кетсек:

03.07.1979ж. – №10 Техникалык училище болуп негизделген;

01.09.1984ж. – №10 Орто кесиптик техникалык училище;

29.04.1989ж. - №10 Кесиптик техникалык училище;

08.04.1998ж. - №10 Кесиптик лицей;

06.02.2019 - №10 Кесиптик лицейге №92 Кесиптик лицейдин кошулушу менен

кайра түзүлдү;

09.10.2019ж. - №10 Кесиптик лицейге Сүймөнкул Чокморовдун аты ыйгарылды;

17.10.2019ж. - “Сүймөнкул Чокморов атында №10 Кесиптик лицей”аталышындагы мекеме болуп түзүлдү.

Сүймөнкул Чокморов атындагы №10 кесиптик лицейинде учурда технология жана көркөм кол өнөрчүлүк бөлүмү бар.

Технология бөлүмүндө: “Кулинария” “Кондитер” “Чач тарач” кесиптери боюнча, ал эми Көркөм кол өнөрчүлүк бөлүмүндө: “Зергер-модельер”; “Улуттук буюмдарын жана сувенирлерди жасоочу-ууз-саймачы”; “Жыгачтан көркөм буюм жасоочу”; “Улуттук буюмдарын жасоочу жана кийимдерин көркөмдөөчү”; “Булгаарыдан көркөм буюмдарды жасоочу” кесиптери бюнча даярдайбыз.

Учурда технология бөлүмдө - 860 окуучу, көркөм кол өнөрчүлүк бөлүмүндө – 162 окуучу кесиптик билим алышууда.

Билим берүү жаңы технологияларды жана модулдук, дуалдык методдорду колдонуу менен ишке ашырылат.

Окуу жай менен жумуш берүүчүлөр ортосунда 300дөн ашуун келишимдер бар.

Окуу жайдын өнөктөштөрү:

Кыргызобщепит;

Кыргызстандын ашпозчулар Ассоциациясы;

Кыргызстандын навайчылар жана кондитерлер Ассоциациясы;

Кыргызстандын элдик кол өнөрчүлөр Ассоциациясы;

Зергер холдинги;

“Кыял” улуттук элдик кол өнөрчүлөр бирикмеси;

КР Зергерлер жана ишкерлер бирикмеси ж.б.

Tags: 2019