Нооруз 2019

Опубликовано Mar 26, 2019 от Администратор

Нооруз 2019

Жаздын келиши менен шаңга шаң кошулуп, кѳптѳн күткѳн «Нооруз» майрамы да келип калды. 20-мартта «Нооруз» майрамы шаарыбыздын борборунда орун алган №10 Кесиптик лицейде ѳгѳчѳ маанайда ѳттү. Жакында эле Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин буйругу менен №10 Кесиптик лицейдин курамына Бишкек шаарындагы С.Чокморов атындагы Элдик көркөм кол өнөрчүлөрдүн №92 кесиптик лицейи кошулган. 
№10 Кесиптик лицейдин жетекчилигинин демилгеси менен мындан ары эки жамаат биригип, максаттары, жолдору бир болсун деп, бул майрам биргеликте уюштурулуп ѳткѳрүлдү. 
Майрамды себеп кылып эки жамааттын кызматкерлери бири-бири менен таанышып, пикир алышууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Конок катары Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин директору Чолпонкулов Таалайбек Аскарбекович да келип жамааттын ишине ийгилик, ынтымак каалап, ѳзүнүн жылуу сѳздѳрүн айтты. Мындан сырткары профсоюздук уюмдун тѳрагасы, окуу жайдын сакалдуулары, жумуш берүүчүлѳр келишип куттуктоолорун айтышты.
Умай Эне арча менен аластап, жакшы тилектерин ыроолоду. 
«Кѳжѳ», «Сүмѳлѳк» баштаган улуттук тамак-аштар даярдалып, окуу жайга келген коноктор, окуу жайдын окуучулары, жамаат даам сызышып, иш-чара концерттик программа жана улуттук оюндар кѳрсѳтүлүп кѳңүлдүү ѳттү.



Tags: 2019